AVN







ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ
 Aug 30, 2022  340

Бүгүн  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31-жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасы: Эгемендүүлүктүн сабактары, тарыхтын жаңы барактары” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, тех.и.д., профессор, КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты К.Ж.Усенов куттуктоо сөз сүйлөп,  КРнын Эгемендүүлүгүнүн өлкөнүн өнүгүшүндөгү орду чоң экендигин баса белгилеп, конференциянын катышуучуларына ийгилик каалады. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областынадагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Ахмедова  Толгонай катышып, өкүлчүлүктүн атынан конференциянын ишине жакшы каалоолорун айтты.

Конференцияда негизинен окуу жайдын окумуштуулары Авазов Э.А. - т.и.к., доцент “Фергана өрөөнүндө кыргыз-өзбек мамлекттик чек арасынын калыптанышына тарыхый сереп”, Аширалиев А. - тех.и.д., профессор, “Эгемендүүлүктүн баркын түшүндүкпү?”, Айдаркулов К.А. - т.и.к., ЖАМУнун профессору “Эгемендүүлүктүн улуу жетишкендиктери”, Эшиев А.М. - ф.и.д. ЖАМУнун профессору  "Манас" эпосуна мамлекеттик камкордук: кечээ жана бүгүн", Калчекеев К.Б. - филол.и.д., профессор “Эгемендүүлүктүн мезгилиндеги мамлекеттик тилдин өнүгүшү”, Токоева Г.С. - филос.и.д., профессордун м.а. “КРнын Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүүнүн өнүгүүсү”, Шамшиев Р.К. - филос.и.к., доцент “Эгемендүүлүктүн бүгүнкү баалуулугу”, филос.и.к., доцентГ.Т. Токтогуловалар - “Мамлекеттик тил кечээ бүгүн жана эртең” деген аталыштагы  баяндамаларды жасап, талкуулар жүргүзүлдү.

         Конференциянын аягында ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев, филол.и.к., доцент А.К.Кадыровалар да, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн кечээги жана бүгүнкүсү тууралуу конкреттүү ой сунуштарын билдиришти.

  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САБАКТАРЫ, ТАРЫХТЫН ЖАҢЫ БАРАКТАРЫ