AVN







ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ

ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ
 Jul 20, 2022  815

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиондугунда  күмүш  байгеге  ээ болгон  Акыл Сулаймановду кабыл алды.

    Ректор спортчу жеңиши менен куттуктап, бул жеңиш жалпы кыргыз элинин жана окуу жайдын сыймыгы  экенин белгиледи.

    Азия Чемпиондугунда өз чеберчилигиңди, мыктылыгыңды көргөзүп, күмүш байгени багындыруу менен жалпы кыргыз элине кубаныч тартууладың. Бул жетишкен ийгилиңер спортчуларга чоң ишенич жана үлгү боло алды. Мындан ары да таштабай спортту өнүктүрүп, дүйнөлүк мелдештерде алтын байгелерди багындырышыңа тилектешбиз – деди Кенешбек Усенов.

 Ректор А. Сулаймановго жана машыктыруучусу Алтын Салаевге  колдоо катары өзүнүн атынан баалуу белектерин тапшырып, университеттин атынан акчалай сыйлык ыйгарды.

Окуу жайдын жетекчисинин кабыл алып, спортко көңүл буруп, колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин желегин желбиретүүгө күчүмдү аябайм деген оюн билдирди А. Сулайманов.

Эске салсак, Бахрейн өлкөсүнүн Манама шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиондугунда ЖАМУнун дене тарбия адистигинин студенти Акыл Сулайманов күмүш байгенин ээси болгон. Машыктыруучусу ЖАМУнун окутуучусу Алтын Салаев.

  • ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ
  • ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ
  • ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ
  • ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ