AVN







Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫНАН 50000 СОМ ЖАРДАМ

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫНАН 50000 СОМ ЖАРДАМ
 Jul 18, 2022  648

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты 2 жарандарга 50000 сом акчалай каражат менен жардам көргөзүштү. Бул тууралуу МТСИ  боюнча проректор Айгул Доранова билдирди.

Айтымында медицина факультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу Буният Артыкматовдун жубайы ден соолугуна байланыштуу оор операцияга муктаж болгондугун жана ал операцияга  чоң суммадагы акча каражаты керек болгондуктан, университеттин жамааты 40000 сом акчалай жардам беришти.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын тургундары Назаров Айтмамат, Раимбекова Айжаркындардан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда алардын 2.5 жашар уулу Мураталиев Дидарга  17000 АКШ долларында операция жасоо кажет болгондуктан университеттин жамааты 10 000 сом акчалай каражат жыйнап беришкен.

  • Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫНАН 50000 СОМ ЖАРДАМ
  • Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫНАН 50000 СОМ ЖАРДАМ
  • Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫНАН 50000 СОМ ЖАРДАМ