AVN







БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ

БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
 Jul 13, 2022  1601

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы “Канткенде студенттердин жана окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алабыз” деген темада жолугушуу уюштурушту. Бул иш чаранын максаты студенттердин билимге кызыгуусун арттыруунун жолдору менен ой бөлүшүү, бирге башка жогорку окуу жайлар  менен тыгыз байланышта болуп, пикир алмашуу болду – дейт аталган кафедранын башчысы Айша Калмуратова.

 Жолугушуунун коногу Казакстандагы Н. Назарбаев университетинин профессору, Канаданын Торонто университетинин докторлук  (PhD) даражасын алган, Кыргыз Республикасынын "Билим берүүнүн отличниги " , Казакстан Билим берүү жана илим министрлигинин "Алтынсарын " медалынын ээси Дүйшөн Шаматов  болду.  Ошону менен бирге бул жолугушууда   Дүйшөн агайдын "Билим-бакыт канаты" деп аталган сыясы кургай элек китебинин бет ачаары да болду. Жолугушууда Дүйшөн Шаматов бул китеби жөнүндө кеңири маалымат берди жана катышуучулар китептеги жаккан цитаталарды окушуп өз ойлорун айтышты.

Жолугушуу билим жаатында суроо-жооп иретинде болуп кызуу талкуу менен өттү.  ЖАМУнун профессордук- окутуучулар курамы, шаардык мектептердин мугалимдери жана университеттин студенттери катышышты.

  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ
  • БИЛИМ-БАКЫТ КАНАТЫ