AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 Jul 12, 2022  380

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жогорку математика жана МОТ кафедрасында 4-курстун М-1-18, Мо-1-18 тайпаларынын студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева, кафедра башчысы п.и.к. А.Ураимхалилова, кафедранын практика жетекчиси Ш.К.Биримкулов жана практика жетекчилери катышышты.

Конференциянын уюштурулушу студенттердин практика мезгилинде учураган көйгөйлөрүн, кемчилик, артыкчылыктарын эркин баарлашуу мүнөзүнө багытталгандыктан, ар бир студент өздөрүнүн практикасында учураган көйгөйлөрдү айтып, ал көйгөй боюнча суроо-жооптор ар бир көйгөйдүн тегерегинде өз учурунда талкууланды, негизинен, студенттер көйгөйлөрдү 3 багытка (окуу, тарбия, методика) бөлүп ошол боюнча баяндашты.

Практиканын алдында уюштурулган семинар, теориялык билимдер, окуу жайдан жана мектептен ар бир практикантка бекитилген насаатчылардын көмөгү менен практиканы ийгиликтүү аякташып келишкендигин билдиришти.

М-1-18 жана Мо-1-18 тайпаларынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практика аларды такшалтканын, бирок дагы да көптөгөн изденүүлөрдү талап кылаарын айтышты, анткени окуу, тарбия, методикалык иштер бир гана билим алууга таянбастан, мугалимден жогорку деңгээлдеги изденүүчүлүктү, өзүнүн үстүнөн иштөөнү керектигин айтуу менен биргеоң позитивдүү маанайда катышышты.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ