AVN







ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМДА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЯНДАМА ОКУЛДУ

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМДА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЯНДАМА ОКУЛДУ
 Jul 12, 2022  365

Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Туркиянын Анталия шаарында 9- эл аралык илимий симпозиумга катышып, илимий баяндама жасады. Бул тууралуу ЖАКтын англис тили окутуучусу Замира Женалиева  билдирди.

Айтымында  илимий  эл аралык симпозиумга онлайндан Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин чет тили окутуучусу Замира Женалиева “Алгачкы профессор К. Тыныстановдун эмгектеринде өткөн чактын изилдениши” - деген илимий макаласын баяндама жасап, илимий эмгек тууралуу кеңири маалымат берип талкууланган.

Эл аралык илимий конференцияга катышуу менен, илим жолуна аз да болсо чыйыр сала алдык жана ар бир катышуучу өз тилинде илимий макала окушту. Кыргыз тилинде эл аралык деңгээлде илимий макаланын окулушу бул улуттук тилдин даңазаланышы, өсүшү, өнүгүшү – дейт З. Женалиева.  

  • ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМДА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЯНДАМА ОКУЛДУ
  • ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМДА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЯНДАМА ОКУЛДУ