AVN







БОЛОЧОК АДИСТИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНА САЛЫМ КОШКОН ПРАКТИКА

БОЛОЧОК АДИСТИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНА САЛЫМ КОШКОН ПРАКТИКА
 Jul 5, 2022  366

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жогорку математика жана МОТ кафедрасынын окутуучулары тарабынан 4-курстун айрым студенттери 2022-жылдын 11-апрелинен 21-майына чейинки аралыкта кесиптик-профилдик практика өтөө максатында Сузак районунун мектептерине бөлүнүштү.

Практикага чыгуунун алдында студенттер үчүн конференция жана “Компетенттүүлүккө багытталган билим берүү шартында математика сабагын уюштуруу” аттуу семинар өткөрүлгөн. Практиканттар теориялык билимдерин практика учурунда колдонушуп, атап айтканда, түрдүү заманбап усулдарды, инсанга багытталган окутуу технологияларынпайдалануу менен сабактарды пландоого жетишишти.

М-1-18 жана Мо-1-18 тайпаларына практиканын жүрүшүндө насаатчы, жетекчилер менен бирге тыгыз иш алып барышып, сабактарга байкоо жүргүзүлүп, берилген кемчиликтер өз учурунда жоюлуп, ачык сабактар өтүлдү:

Сузак районунун №44 Фуркат мектебинин 7-класстарына Көчкөнбаева Айкөкүл “Сандын даражасы” темасында жемиштүү, окуучулар үчүн кызыгууну жараткан көрсөтмө куралдар менен жабдып, калыптандыруучу баалоонун техникаларын, окуучулардын түрдүү ишмердүүлүктөрүн уюштурууга арналган тапшырмаларды колдонуу менен, окуучулардын НК 1 (маалыматтык), НК3 (өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү), ПК 1 (эсептөө) компетенттүүлүктөрүн калыптандырууну максат койгон ачык сабак өттү.

Сузак районунун №52 Т.Арзыкулов атындагы орто мектебинин 5-класстарына Урунбаева Жаңылай “Криптография” темасында окутуунун техникалык каражаттарын колдонуп, окуучулар чыгармачылык менен изденишип, түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды, башкача айтканда сыйкырдуу сөздөрдү чечмелеп жана тескерисинче тапшырмаларды атаандашуу менен аткарууга, кайтарым байланышта теманын максатына канчалык деңгээлде жеткендигин билүүгө,карточканын индекчи техникасын колдонуп, кимде кандай түшүнбөстүктөр болсо, кийинки сабакты пландоого мүмкүнчүлүк берүүчү ачык сабак өттү.

Сузак районунун №81 Т.Идрисов мектебинин 9-класстарына  Токтасинова Зулхумор “Мейкиндиктеги фигуралар” темасында ачык сабак өттү. Ал сабакты пландоодо балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алып фигураларды алдын-ала өздөрү жасап келип башка окуучуларга мүнөздөп берүү тапшырмасы берилип, натыйжада окуучулар түрдүү фигураларды жасап келип башкаларга даярдалган макетти көрсөтмөлүү түшүндүрүп берүү мүмкүнчүлүгүн берди, НК 2 ни да (социалдык-коммуникациялык) калыптандырууга аракет жасады, слайддар убакытты рационалдуу пайдаланууга салым кошту, сабак окуучулар үчүн кызыктуу болду.

Алардын сабактарына тиешелүү мектептердин директор, окуу бөлүмүнүн башчысы жана мугалимдери, окуу жайдан бөлүнгөн методист катышып, практиканттардын артыкчылыктарын, жетишкендиктерин баса белгилешип, адистик даярдап жаткан окуу жайдын дарегине ыраазычылык сөздөрдү айтуу менен баа беришти.

  • БОЛОЧОК АДИСТИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНА САЛЫМ КОШКОН ПРАКТИКА
  • БОЛОЧОК АДИСТИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНА САЛЫМ КОШКОН ПРАКТИКА
  • БОЛОЧОК АДИСТИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНА САЛЫМ КОШКОН ПРАКТИКА