AVN







ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
 Mar 7, 2018  959

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин Башкаруу автоматтык системасы  (БАС) кафедрасы тарабынан Жалал-Абад колледжинин БАС адистигинин студенттеринин арасында 2017-2018-окуу жылында«Информатика»жана «Программалоо» сабактары боюнча олимпиада өткөрүлдү.  Бул туурасында аталган факультеттен кабарлашты.

Маалыматта олимпиаданын максаты студенттердин илимий потенциалын көтөрүү, илимий изилдөө иштерине өбөлгө түзүү жана багыттоо – деп белгиленген.  Ал эми олимпиадаКыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти  П.С. Панковдун атайын түзүлгөн программанын жардамы менен өткөн. Ага  жалпы 23 студент катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи орунду БАСк – 02-16 тайпасынын студенти Айгерим Кочкорова жана БАСк – 01-16 тайпасынын студенти Алмазбек кызы Айзада ээ болгон. Экинчи орунду  БАСк – 03-16 тайпасынын студенти Артык Молдалиев жана БАСк – 02-15 тайпасынан Айдар Чомоев багындырса, үчүнчүнү БАСк – 03-15 тайпасынын студенти Өмүркан Бакышбаева менен БАСк – 01-16 тайпасынан Мээрим Матназарова ээлеген.

Ошондой эле атайын программа БАС кафедрасы менен КР УИАнын кызматташтыгынын негизинде колдонууга берилди деп кошумчаланган маалыматта.

  • ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
  • ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
  • ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ