AVN







БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ

БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
 Jul 1, 2022  586

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2 бүтүрүүчүсү "Заманбап мугалим-2022" конкурсунда 1-орунду ээлешти, экөө тең Турцияга эс алуу сертификаты менен сыйланышты.

Физика-математикалык билим берүү багытынын математика жана информатика профилдеринин бүтүрүүчүлөрү: Жалал-Абад шаарындагы №17 мектептин математика мугалими Эрматали уулу Баяман жана Ноокен районунун №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин информатика мугалими Кубатов Нуралы "Билим азыгы" коомдук бирикмеси тарабынан мугалимдерди методикалык, социалдык, медициналык, юридикалык жактан колдоо иретинде уюштурулган "Заманбап мугалим-2022" конкурсунда 1-орунду ээлешти, экөө тең Турцияга эс алуу сертификаты менен сыйланды.

Конкурс 4 этаптан туруп, февраль айынан баштап 28-июнга чейинки аралыкта  2 онлайн, 2 оффлайн форматта замандын талабына ылайык мугалимдин параметрлерин мүнөздөгөн мугалимдерди аныктоо максатында жүргүзүлдү. Конкурс Түштүк аймагындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарынын мугалимдери үчүн уюштурулуп, 1500 катышуучу  катышышып, Эрматали уулу Баяман жана Кубатов Нуралы ошолордун арасында медиа сабаттуулукка ээ, компетенттүү мугалимдер катары эң жогорку ийгиликке жетишкен.

  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ
  • БИЗДИН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ