AVN







ЖАМУДА ӨТКӨН МААНИЛҮҮ МАЕК

ЖАМУДА ӨТКӨН МААНИЛҮҮ МАЕК
 Mar 6, 2018  917

2018-жылдын 6-марты күнү ЖАМУнун ПМТФнын “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын мүчөлөрү жана ЖАМУнун жаш окумуштуулары белгилүү окумуштуу, ЖАМУнун ардактуу профессору, п.и.д., улуттук Алиппенин автору, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев менен жолугушуу өткөрүштү. С. Рысбаев жолугушуу учурунда жаш окумуштуулардын ар түрдүү багыттагы суроолоруна толук кандуу жооп берди. БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиева, п.и.к., доцент К.М. Ураимов, улук окутуучу А. Төрөбекова, окутуучу Н. Мокуевалар педагогика илиминин өнүгүү динамикасы жана окутуунун методикасы боюнча актуалдуу проблемалар боюнча ойлорду ортого ташташты. С. Рысбаев бүгүнкү күндөгү педагогика илиминин өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелердин чечилиши жана жолдору боюнча кеңири маалымат берди. Жолугушуудан пайдаланып профессор С. Рысбаев ЖАМУнун түптөлгөңдүгүнүн 95, түзүлгөңдүгүнүн 25 жылдык маарекеси менен кызуу куттуктап кетти. Жолугушуу андан ары студенттер менен уланышы күтүлүп жатат.

 

Пресса БББТМ

  • ЖАМУДА ӨТКӨН МААНИЛҮҮ МАЕК
  • ЖАМУДА ӨТКӨН МААНИЛҮҮ МАЕК