AVN

Жалал-Абад облусунда 96 пайыз иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунда 96 пайыз иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө
 Jun 24, 2022  303

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин МТСИ боюнча проректору А.Д.Доранова “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйынга катышып келди.

 “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен облуста 96 пайыз иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Комиссия төрагасы белгилегендей, облус боюнча башка аймактарга салыштырмалуу көрсөткүчү алдыда. Бирок, текшерүүлөрдө анын сабаттуу жүргүзүлүүсүндө кемчиликтер аныкталган. Президент Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койгонун, анын алкагында программа иштелип жатканын билдирди.

Облус башчысы өз сөзүндө тил – улуттун байлыгы экенин, анын өнүгүүсүнө мамлекеттик кызматкерлер, ар бир жаран салым кошуусу керектигин айтып, орун алган кемчиликтерди жоюу үстүндө иш жүрө турганын белгиледи.

  • Жалал-Абад облусунда 96 пайыз иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө