AVN







МЫКТЫ АЗЫКТАНУУ

МЫКТЫ АЗЫКТАНУУ
 Jun 24, 2022  393

ЖАМУнун  МТСИ боюнча проректору А.Д.Доранова “Азык-түлүк коопсуздугу жаатында студенттер менен биргеликте стартаптарды ишке ашырса мыкты болот” – деген сунушун  көп тараптуу тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу аталыштагы тегерек столдо билдирди.

Тегерек стол 22-июнь күнү USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоорунун алкагында  жана колдоосу менен көп тараптуу тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу аталышта обладминистрациянын чоң жыйындар залында болду. Анын максаты – туура тамактанууну өнүктүрүү жана тамактануу азык-түлүк коопсуздугу (ЧОИ) боюнча көп тараптуу платформаны түзүүгө Жалал-Абад облусунда аймактык планды иштеп чыгууга көмөктөшүү.

Тегерек столго мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, айыл жана суу чарба ишканаларынын кызматкерлери, жарандык коом жана бизнес секторлору катышты.

“Мыкты азыктануу” долбоорунун башкы адиси А.Т.Шамбетованын айтымында  адамдардын туура тамактануусу балдардын, коомдун генефондунун мыкты ден-соолугу чың акыл-эси тунук, аң сезимдүү инсандын калыптануусуна чоң шарт түзүп берет. Ал инсандар коомдун гүлдөп өнүгүсүүнө зор салым кошот.

Консультанттар: Ж.Мадалбекова Ж.Жаков З.Ч.Орунбаевалар ушул темада баяндамаларды жасашып презнтация кинофлильмдер көрсөтүлүп кызуу талкуу болду.

  • МЫКТЫ АЗЫКТАНУУ