AVN







УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР

УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР
 Jun 22, 2022  603

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жаңылыктар” аталышындагы семинар болуп өттү.

 Семинарга ЖАМУнун илимий жамаатынын мүчөлөрү катышышты

Аны  КРнын Президентине караштуу УАКынын табигый, математикалык жана техникалык илимдеринин аттестациялоо бөлүмүнүн башчысы ф.-м.и.д., профессор Урусова Толкун Эсеновна жана КРнын Президентине караштуу УАКынын табигый, математикалык жана техникалык илимдеринин аттестациялоо бөлүмүнүн башкы адиси тех.и.к., доцент Исмаилова Эльмира Калыковнанын катышуусу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштууларынын ортосунда болуп өттү. КРнын Президентинин алдындагы Жогорку Аттестациялык Комиссиянын мүчөлөрү Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринин ректорлору, проф. Кожобеков менен проф. К.Ж.Усеновдун чакыруулары менен келишти.

 ЖАМУда өткөрүлгөн семинарды ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, т.и.д., профессор Алибаев Атабек Пахырович ачып, өткөрүлүп жаткан иш-чаранын Жалал-Абад мамлекеттик университеттин бардык муундагы окумуштуулары үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп өттү. Анткени, университеттин профессордук-окутуучулук курамынын 90 пайызы илим менен шугулдангандыгы үчүн, бул семинарда берилчү маалыматтар ар бирибиз үчүн керектүү жана актуалдуу – деди жетекчи. Андан кийин негизги баяндама жасоочу проф. Урусова Толкун Эсеновна Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын нускамаларына Диссертацияны жана авторефератты тариздөө боюнча жоболорго киргизилген өзгөртүүлөр, оңдоолор боюнча кеңири айтып берди. Андан сырткары, профессор коргоого чейин жана коргогондон кийин жыйналуучу жана окумуштуулук наамды алуу үчүн документтерди топтоодо кетирилип жаткан типтүү каталарга дагы токтолуп, аны жоюунун жолдорун кеңири баяндады.

Жыйналгандардын баары негизинен изденүүчүлөр болгондуктан суроо-жооптор өтө көп болгондугуна байланыштуу семинар үч саатка чейин созулуп УАКынын кызматкерлери менен ЖАМУнун окумуштуулар курамынын ортосунда жылуу маанайдагы байланыш түзүлдү десе болот.

  • УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР
  • УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР
  • УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР
  • УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ЖАҢЫЛЫКТАР