AVN







ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Jun 20, 2022  391

Ветеринардык  кызматкерлердин кесиптик майрамына карата «Азыркы мезгилдеги ветеринардык кызматтын көйгөйлөрү жана аны   чечүүнүн жолдору» аталышындагы  илимий-практикалык конференция  АТФнын чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бул тууралуу ветеринардык мадицина кафедрасынын башчысы Болот Орозбаев кабарлады.

Анын айтымында Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин  табигый-техникалык  факультетинин ветеринардык медицина  кафедрасы КРнын Президентинин 2022-жылдагы  «Тоолордун экосистемасын   коргоо  жана климаттын туруктуулук жылы» деп жарыялаган жарлыгынын алкагында  конференция уюштурулган.

Бул конференцияга өндүрүштөн иш берүүчүлөр кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер  катышышты. Конференцияда ветеринария тармагындагы бардык көйгөйлүү маселелер каралды жана негизги билим берүү программасы  талкууланып ,ар ким өз ойлорун айтышты.

Жаш адистердин билим сапатын жакшыртуу үчүн окуу жай тарабынан Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында ветеринардык окуу борбору курулууда. Студенттер  теориялык алган билимин практика менен айкалыштырып, келечектин мыкты адистери даярдалат – дейт Б. Орозбаев.

  • ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ВЕТЕРИНАРДЫК КЫЗМАТТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ