AVN







“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ

“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
 Jun 20, 2022  542

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында 2022-жылдын 16-июнь күнү “Манас” эпосу жана маданият, тил, тарых” аталыштагы республикалык илимий семинар болуп өттү. Бул тууралуу мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калчекеев билдирди.

Анын айтымында семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги “Манастын” үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек) изилдөө, жайылтуу багытындагы жарлыгына ылайык уюштурулган.

Илимий семинарга Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, көрүнүктүү манасчы Нурбек Талантбек уулу, белгилүү манасчы Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Назаркул Сейдракманов, белгилүү манасчы, республикалык манасчылык өнөр боюнча кароо сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү Абдуманап Сапаралиев, Жалал-Абад областтык Т.Тыныбеков атындагы филармониянын адабий кеңешчиси белгилүү манасчы, акын Алимбай Маатов, ЖАМУнун студенти манасчы 4-курсунун студенти Шерикбай кызы Айдайлар манастан үзүндү айтышты. Белгилүү окумуштуулар филология илимдеринин докторлору, профессорлор, кандидаттар, доценттер Ибрагим Абдувалиев, Асылбек Эшиев, Кадыркул Айдаркулов, Калчекеев Кубанычбек, т.и.д., профессор Адиумаматкадыр Аширалиев, Дилбар Чокоевалар улуу Манас  тууралуу баяндамаларды жасашты. Аталган илимий семинардын активдүү катышуучулары дипломдор менен сыйланды. Семинарга мындан башка да мектептин окуучулары, ЖАМУнун студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ
  • “МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАДАНИЯТ, ТИЛ, ТАРЫХ