AVN







ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
 Jun 17, 2022  487

        Сырткы академиялык мобилдүүлүктүн алкагында ЖАМУнун 4 окутуучусу Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайында конок лекция окушту. Мындай маалыматты эл аралык бөлүмдүн адиси Айсулуу Ырысмаматова кабарлады.

А. Ырысмаматованын маалыматында ЖАМУнун окутуучулары Борбордук Азия Инновациялык университетинде (Шымкент шаары) 2021-2022 – окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында онлайн конок лекция окушканы айтылат. Онлайн конок экономикалык-юридикалык факультетинин экономика,эсеп жана каржы кафедрасынын окутучуулары Аскарова Айнура Каныбековна, Карбекова Азиза Баймаматовна, Мамыралиева Айнагул Турамаматовна, Мусакулов Нурбек Куралбековичтер Zoom аркылуу өтүшкөн.

     Окутуучулар тажрыйба алмашуу максатында өлкөдөгү жана жакынкы кошуна мамлекеттердин университеттеринде лекцияларды окуп келишет. академиялык мобилдүүлүк аркылуу тажрыйба алмашуу келечекке кесипкөй адистерди даярдоодо орду чоң – дейт эл аралык бөлүмдүн адиси.

  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ