AVN







МИГРАЦИЯНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИ

МИГРАЦИЯНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИ
 Jun 15, 2022  672

ОшМУнун аспирантура бөлүмү тарабынан  уюштурулган “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференцияда “Заманбап коомдогу социалдык иштерди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу” аттуу VII секциядабаяндама жасагандыгы үчүн ЖАКтын студенти I даражадагы диплом менен сыйланды. Жалал-Абад колледжинин  окутуучусу А.А.Ташматова жана А.Анарбай кызы тарабынан Социалдык иш адистигинин 2-3-курстарынын студенттери аталган конференциянын    “Заманбап коомдогу социалдык иштерди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу” аттуу секциясына катышышты. Анда жалпысынан 7 студент катышып, алардын ичинен мыкты баяндамасы үчүн Оморбекова Мээрим Ардак грамота менен сыйланса, Алмазбек кызы Бибинур “Миграция: келип чыгуу себептери жана кесепеттери” атуу баяндамасы менен ЖОЖдун студенттери арасында өткөрүлгөн конференцияда I даражадагы диплом менен сыйланды.

Кошумчалай кетсек, бул конференцияда негизинен өлкөбүздүн түштүк аймагындагы Ош мамлекеттик университети, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту жана К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин студенттери  катышышты.

  • МИГРАЦИЯНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИ