AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА
 Jun 14, 2022  408

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 4 студенти Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде  билим алып келишти. Бул боюнча эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Айсулуу Ырысмаматова билдирди.

 Филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттери А.Б. Насипова, А.Ж. Жоробекова, А.Р. Кадыралиева, Б.Н. Тагаевалар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2021-2022 окуу жылынын күзгү семестринде Казахстан Республикасынын Нурсултан шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде  билим алып келишти.  Билим алуу менен гана чектелип калбастан окуудан сырткаркы иш-чараларга катышып кыргыздын  маданиятын, каада-салтын  көргөзүштү – дейт А. Ырысмаматова.

Жогоруда көрсөтүлгөн студенттер менен эл аралык байланыштар бөлүмү, тийиштүү деканаттар жана окуу бөлүмү тарабынан иш жүргүзүлдү. Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өлкөдөгү бир катар университеттерде жана коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайларында 1 семестр окуп келсе болот деп кошумчалады ал.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАХСТАНДА