AVN







ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Mar 6, 2018  911

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Педагогика бөлүмүнүн Башталгыч класстар мугалими – 2-17   (БКМк) тайпасынын ата-энелер жыйналышы 5-март күнү  болду. Бул тууралуу аталаган тайпанын куратору Үлпөт Кайкиева кабарлады.

Анын айтымында жыйналышка 23 ата-эне, колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жусуп Назаров жана Педагогика бөлүмүнүн башчысы Кенже Салибаева катышкан. Анда 2017-2018-окуу жылынын семестрынын 1-жыйынтыгы менен балдарынын жетишкендиктери  боюнча ата-энелерге маалыматтар берилди.  Ошондой эле бөлүм башчы К. Салибаева окуу жайдын ийгиликтери жана алдыда аткарылчу иштер туурасында айтып өттү.

Ата-энелер уул-кыздарынын жетишкендиктери боюнча окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдирип, мындан ары да окуу жай менен тыгыз байланышта болушаарын ырасташты. Ал эми тайпада жалпы 25 студент билим алса, анын 24ү кыз, бир эркек бала окуйт.  

  • ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ