AVN







АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
 Jun 14, 2022  399

  Жалал-Абад областынын алыскы райондорунун бүтүрүүчүлөрү менен  Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун англис тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы  жолугушту.  Бул тууралуу аталган кафедранын окутуучусу Гулжан Алымкулова билдирди.

Маалыматта  жолугушууга  Чаткал, Ала-Бука,Токтогул жана Кара-Көл,Таш-Көмүр шаарларында жалпы орто билим берүү мектептеринин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү катышканы айтылат.  Анда  2022-2023-окуу жылына карата даярдаган адистиктер жана аларга кабыл алуу эрежелери түшүндүрүлүп, анын  ичинде англис тили жана адабияты адистиги боюнча кеңири маалымат берилип,таркатма буклеттер таркатылган.

Иш-чара окуу жайдын Америка ордосу менен биргеликте уюштурулуп, ар бир район, шаарларга барышкан.  Университеттин ар бир адистиктери жөнүндө кеңири маалыматтар берилип, жетишкен ийгиликтери жана биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөр тууралуу маалыматтар айтылды – дейт Г. Алымкулова.

  • АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • АЛЫСКЫ РАЙОНДОРГО КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ