AVN

АНТИБИОТИК РЕЦЕПТИ ЖОК БЕРИЛИП ЖАТКАНЫ ӨКҮНДҮРДҮ…

АНТИБИОТИК  РЕЦЕПТИ ЖОК БЕРИЛИП ЖАТКАНЫ ӨКҮНДҮРДҮ…
 Jun 14, 2022  306

Медицина факультетинин Фармацевтикалык технология жана химия кафедрасынын Фармация адистигинин Фарм -1-17 тайпасына « Фармацияны башкаруу жана экономикасы» предметинен өндүрүштү практикасын өтөп келишти. Аталган тайпанын өндүрүштүк практикасы 23-майдан 04-июнга  шаардагы фармацевтикалык компанияларында болгон. Жыйынтыктоочу конференция болуп, жаштар практикада көргөндөрүн, үйрөнгөндөрүн айтып беришти.

Студенттердин айтымында күнүнө 50 каробкадан ашык “Амоксицилли́н” рецепти жок эле сатылып келген. Ал эми психотропикалык дарыларды кардарлар тарабынан атайын форма толтурулуп, андан соң  ала алышкан. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан рейд жүргүзүлүп,  көзөмөл күчөгөндө соода сатыктары эки эсеге төмөндөгөнү  байкалган. 

Элдин калың катмары антибиотиктер адамдын ден соолугуна канчалык зыяндуу экенин түшүнүшпөйт. Андыктан өздөрү билген дары-дармектерди дарыгердин сунуштоосусуз алышат. Ар бир инсан өз ден соолугуна кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болсо, дени сак улут болобуз – дешет бүгүнкү конференциянын катышуучулары.

  • АНТИБИОТИК  РЕЦЕПТИ ЖОК БЕРИЛИП ЖАТКАНЫ ӨКҮНДҮРДҮ…