AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ

АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
 Jun 10, 2022  356

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында 1-курстардын студенттеринин ата-энелеринин чогулушу болду.

Ата-энелер окуу жайдын өнөктөшү катары окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошо ала тургандыгын  талкуулоо жана балдарынын тандаган кесибинин татыктуу ээси болуу  үчүн өзүлөрүнүн ролун аныктоо – дейт колледждин директору Бариса Турдубаева.

Чогулуш жаңы фарматта өтүп, ата-энелердин активдүүлүгү көрүнүп, окуу жайга өз сунуштарын айтышты, ар бир ата-энеден окуу жайдын өнүгүшү боюнча жазуу жүзүндө сурамжылоо жүргүзүлдү. Чогулушка    25 группадан 400гө жакын ата-эне катышты. Студенттердин концерттик программасы менен коштолду.

Иш берүүчүлөрдөн Жалал-Абад шаарыны №17 орто мектептин чет тили мугалими Казыканова Гулзида жана Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын инспектору     Шадыканов Каныбек чакырылып ата-энелерге өз кеңештерин айтышты.       Ал эми алдыңкы бүтүрүүчүлөрдөн Социалдык иш адистигин бүтүрүп, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенип жаткан Маликжанова Өмүркан чакырылды, Исмаилов Фарахидин Тайвань шаарынан жана Касымбекова Анара Москвадан онлайн сунуштарын айтышты

Жалал-Абад шаарынын жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынан милициянын капитаны Кадырова Самара Эсенбаевна катышып, ата-энелерге өспүрүмдөрдүн жүрүм туруму боюнча  видео-ролик көрсөтүп кеңири баяндап берди.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙДЫН ӨНӨКТӨШҮ