AVN







КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
 Jun 9, 2022  331

Жалал-Абад колледжинин англис тили адистигин быйыл 70 бүтүрүүчү аяктайт. Алар жогорку окуу жайда окууларын улантуусуна багыт берүү үчүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы филол.и.к., доцент Айша Калмуратова кафедранын окутуучулары менен профериентация уюштурушту.

Студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип, ЖАМУдагы түрдүү мүмкүнчүлүктөр жана  филологиялык билим берүү багытынын чет (англис) тили профилинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Өз кесибин улантуу үчүн бул профилди тандаган студенттерге сертификаттар тапшырылды.

  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ