AVN







МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ

МАГИСТРАНТТАРДЫН   БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ
 Jun 9, 2022  565

Педагогика багыты боюнча даярдалып жаткан магистранттарды башкаруу практикасына жөнөтүү үчүн  уюштуруу конференциясы өткөрүлдү.   Бул иш чараны БББТМ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева ачып, магистранттарга практикадагы ийгиликтерди каалады. Уюштуруу практикасы жөнүндө маалыматты кафедранын доценти Р.С.Нусупова айтып өттү.  Башкаруу практикасынын максаты -   билим берүү мекемесинин  ишин, анын негизги уюштуруучулук, билим берүүнү уюштуруу жолун  изилдөө, теориялык билимдин спецификасын тереңдетүү жана билим берүү  маселелерди чечүүдө практикалык көндүмдөргө ээ болуу,  анын түзүмдүк бөлүмдөрү, окуу жайдын  билим берүү  кызматтарынын ишинин мазмуну менен таанышуу  керек экендиги тааныштырылды. Башкаруу практикасында магистранттар учурдагы заманбап билим берүү мекемесинин  жүргүзгөн иш-аракеттерин, мектеп жетекчисинин жүргүзгөн жумуштарын, педагогикалык ишмердүүлүгүн талдоо менен  билим берүү мекемесинин окуу көрсөткүчтөрүн анализдөө, окутуу технологияларына байкоо жүргүзүү, алардын жалпылоо, практикадагы илимий иштерди жүргүзүүнүн методикасы боюнча маалымат берилди. Ошондой  эле башкаруу практикасы боюнча  отчеттун формасы сунушталды.

   Андан сон ар бир магистранттардын методисттери, бөлүнгөн мектептери  жөнүндө маалыматты кафедра башчысы С.С.Сакиева тааныштырды.  Практиканын жетекчилери: п.и.к., БББТМ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов,  ф.и.к., доцент Г.К. Бакировалар сөз сүйлөштү.  Магистранттарга аталган багыттагы практиканын максаты, милдеттери, практика учурунда аткара турган иштери боюнча  кошумча маалыматтарды айтып өтүштү.

Башкаруу практикасын өтүп жаткан учурда  магистранттын илимий изилдөө ишин жүргүзүүнүн жолдору талкууланды. Илимий иштердин иш пландары да талкууланды. Магистранттардын суроолоруна методисттер жооп беришип, аларга практикадагы ийгиликтерди  каалашты.

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН   БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН   БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН   БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН   БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ