AVN







МАНАС ТААНУУ

МАНАС ТААНУУ
 Jun 9, 2022  486

ЖАКтын Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш ПЦКсы тарабынан «Манас күнүнө» жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 93 жылдык маарекесине арналган эки жумалык түрдүү иш-чараларды, куратордук, тарбиялык сааттарды өтүү графигине ылайык СРк 2-20, СРк 2-19 тайпасында Манас таануу интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.

"Манас" - кыргыз элинин энциклопедиясы деп бекеринен айтылган эмес, себеби "Манас таануу" интеллектуалдык таймашында бир гана улутубуздун рухий булагы болгон улуу эпос менен гана таанышпастан, логикалык ой жүгүртүү, кыргыздын жер-суу аттарынын мурдагы аталыштары, кыргыздын каада-салты жана макал-лакаптарын үйрөнө алышат. Ошондой эле Манаска болгон кызыгуусу күчөйт деп билдирди Ташматова А.А.

“Манас” эпосун студенттердин арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймашка Каныкей, Аян жана Кырк чилтен командалары катышты.

 

Интеллектуалдык таймаштын этаптары

  1. Команданын таанышуусу (Команда аталышын жактоо жана ар бир студент өзүн тааныштырат);
  2. Суроо жооп (студенттер тест жана суроо жооптор менен иштейт, илимге саякат жасоо аркылуу ѳтүлгѳн темаларды кайталап, түшүнүгүн бышыктайт, калыстар тобу текшерет);
  3. Жооптуу ылдам айтуу. Алдын ала даярдалган суроолорго жооп беришет .(тез ойлонуу жөндөмүнө ээ болот, ой жүгүртүү жана сынчыл ойлонуу кѳндүмдѳрү калыптанат, ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрөт);
  4. Командалар бири-бирине суроо беришет. (Маалымдуулугун кеӊейтүү менен интелектуалдык денгээлин жогорулатууга, жекече, топто иштѳѳгѳ,өз оюн эркин айтууга жана бири – биринин оюн угууга тарбияланат).
  5. Үйгө тапшырма (Манас айтуу)
  6. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Каныкей, ал эми 2-орунду Аян командасы алып, мындан сырткары “Мыкты манасчы”, “Интеллектуалдык таймаштагы мыкты студент” номинасиялары да ыйгарылды.  Белгилей кетсек калыстар тобунун төрагасы ЖАКтын Манас таануу предметинин окутуучусу А.Ыстамбаев жана мүчөлөрү  А.К.Кыргызбаева, Д.С.Жумабаевалар болду.

  • МАНАС ТААНУУ
  • МАНАС ТААНУУ
  • МАНАС ТААНУУ