AVN







СТУДЕНТ ЖАКТЫРГАН ПРЕДМЕТТЕР ТАНДАЛДЫ

СТУДЕНТ ЖАКТЫРГАН ПРЕДМЕТТЕР ТАНДАЛДЫ
 Jun 9, 2022  322

Жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартынын (Бишкек, 2021) багыты: 550300 филологиялык билим берүү (квалификациясы: магистр, бакалавр, кыргыз тили жана адабияты профили) негизинде жаңыдан түзүлгөн окуу планындагы тандоо курстары боюнча 1-курстарга жана 2015-жылдагы мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлгөн окуу планы боюнча билим алып жатышкан 2,3-4-курстардын студенттерине тандоого коюлган предметтердин актуалдуулугун, зарылдыгын жана маанилүүлүгүн эске алуу менен тандоо шарты коюлду.

Кыргыз тили жана адабияты профилинин магистр даражасы боюнча түзүлгөн окуу планына коюлган предметтерден студенттер адабият жана дүйнө таануу, дүйнө элдеринин эпикалык поэзиясы, этнопедагогика, азыркы оозеки коммуникациянын актуалдуу маселелери дисциплиналары тандалды.  Ушул эле профилдин бакалавр даражасы боюнча 1-курстар үчүн кыргыз тили: грамматикалык талдоо, 2-курстар үчүн балдар адабиятынын концепциясы, кесиптик циклдын тандоо курсундагы адистикке киришүү, чыгыш элдеринин адабияты, батыш элдеринин адабияты, түрколоогия, кыргыз тилинин тарыхы, көркөм окуу, кыргыз адабий сынынын тарыхы, түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы сыяктуу ж.б маанилүү, керектүү предметтер тандалып алынды.

Тандоого 1-2-3-курстардын студенттери катышты. Жыйынтыгында, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы А.Кадырова сүйлөп, жалпы катышуучуларга, окуу планы боюнча студенттерге түшүнүк берген жана түзүүгө катышкан кафедранын ага окутуучусу Р.Келдибаевага ыраазычылык билдирди.