AVN







КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ

КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
 Jun 8, 2022  493

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаткан “Артыкчылыктуу адистикттердин жана кесиптердин фестивалы

  2022-жылдын  8-июнунда өттү. Фестиваль  Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министирлигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулганын Жалал-Абад колледжинин дирекиору Бариса Турдубаева билдирди.  

Аталган фестиваль кесип тандоого багытталгандыктан, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан 1000ге жакын бүтүрүүчү (9-11-класс) чакырылып, салтанаттуу иш чарага катышышып, окуу жайга болгон кызыгууларын, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек  Алибаев фестивалдын катышуучуларын куттуктап, окуу жайдын 100 жылдык тарыхы бар, убагында мамлекеттин башында турган мыкты кадрлар, илимпоздор, жазуучулар билим алып кеткенин айтып өттү. Ал эми декан, директорлор өздөрүнүн факультеттеринин ийгиликтери, даярдаган адистиктери жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Фестивалга Жалал-Абад областтык усулдук борборунун директору Токтосунов Акылбек Адешович жана мектеп директорлору, класс жетекчилери чакырылган.

Кесиптер фестивалына ЖАМУнун 5 факультети, 2 колледжи жана Бишкектеги архитектура жана курулуш колледжи өздөрүнүн жетишкендиктери боюнча көргөзмө уюштурду. Мектептерден келген бүтүрүүчүлөргө ар бир факультет жана колледждер окуу жайга чакырган  буклеттерин таратышты.

Кесиптер фестивалынын музыкалык бөлүгүн Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору каржылап, жаштардын сүйүктүү ырчысы Жайсан, Шаршен Алмазбеков жана алып баруучу Айдар бүтүрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады

ЖАМУда өткөн кесиптер фестивалы  студенттердин флешмоб, бийлер, кесипттик сценкалар жана бүтүрүүчүлөр арасында оюн зооктор менен коштолду жана катышуучулардын өтө көптүгү менен жогорку баага татыды.

  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
  • КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ