AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
 Mar 6, 2018  948

ЖАМУнун Кыргыз тили кафедрасы студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурду. Жолугушуу 5-мартта орун алганын кафедра башчысы Гүлжан Бакирова билдирди.

     Ал маалымдагандай студенттердин ата-энелери менен жолугушуу буга чейин да болуп келген. Бул жолу Кыргы тил  1-15 тайпасынын студенттеринин жакындары келишти. Тайпада жалпы 23 студент билим алса, жолугушууга да баарынын ата-энеси келген.

    Г. Бакирова кошумчалагандай жолугушууга келген ата-энелер окуу жайдын корпустары менен, балдарынын  билим алуусуна түзүлгөн  шарттар менен таанышышкан. Ошондой эле алар студенттин билим сапаты AVN системасы менен бааланып, заманбап  шарттар менен камсыз болгонуна ыраазычылыктарын билдиришкен. Андан сырткары  мындан ары да окуу жай менен тыгыз байланыш улана тургандыгын айтышкан.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ