AVN







ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ

ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
 Jun 8, 2022  368

Филология факультети  тарабынан кафедралар арасында "Таланттууларды тандайбыз"  аталыштагы маданий иш-чара уюштурулуп, ага англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттери катышышты.  Мындай кабарды аталган кафедранын окутуучусу Айгул Мамбеталиева билдирди.

"Таланттууларды тандайбыз"  аталыштагы иш чарада студенттер көркөм окуу, ырдоо, автордук чыгармалар, бийлөө, Манас айтуу, комуз чертүү, сүрөт тартуу багыттарында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында, англис тили  жана адабияты кафедрасынын студенттери төмөндөгүдөй орундарга жетишти.

  1. ЧТ-1-20 тайпасынын студенттери Таиржанова Альбина көркөм окуу боюнча 1- орун жана Жоробекова Айдай 3-орун;

2. ЧТ-1-20 тайпасынын студенттери Таиржанова Альбина, Батырбекова Назбийке бий боюнча 1-орун;

3. ЧТк-3-20 тайпасынын студенти Кубатова Дилдекан автордук ырын көркөм окуу боюнча 3-орун;

4. ЧТ-1-18 тайпасынын студенти Муратова Бегимай сүрөт тартуу боюнча 1-орун.

Ал эми комуз чертүү, Манас айтуу, ырдоо боюнча катышкан студенттерге калыстар тарабынан ыраазычылык айтылды.

Маданий иш-чара филология факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган. Англис тили жана адабияты кафедрасынан 25 таланттуу студент катышкан. Тандалып алынгандар факултеттин атынан топ түзүлүп, окуу жайдын ар кандай иш-чараларына катышышат – дейт А. Мамбеталиева.

  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ
  • ТАЛАНТТУУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ