AVN







КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА

КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
 Jun 8, 2022  362

Конфуцийдин Калешов окуу пунктунда жыйынтыктоочу ачык сабактар уюштурулду. 7-8-класстарга өтүлүп жаткан кытай тилин окуучулар канчалык деңгээлде өздөштүрүп жатышкандыктарын көрсөтүштү. Өтүлгөн материалдарды кайталашып, диалогдорду түзүштү. Күндөлүк турмушта керектелүүчү сөздөрдү пайдаланышып, жашоо-тиричилик көрүнүштөрүн ролдоштуруп аткарышты.       Кытай тили мугалими С.Жумаева менен биргеликте жаңы сөздөрдү, сандарды үйрөнүштү, кызыктуу оюндарды ойношту.

Сабакты көзөмөлдөп барган Конфуций жетекчилиги ачык сабак, окуучулардын катышуу жетишүүсү, окуучулардын мугалимге, бири-бирине жасаган мамилесине ыраазы болгондугун билдиришти. Окуучулар менен баарлашып, суроо-жооп уюштурушуп, кызыктуу маек курушту.

Мектеп жетекчилиги менен Конфуций жетекчилиги бул мектептеги кытай тилинин орду, буга карай түзүлгөн шарттар, окуучулардын кытай тилин үйрөнүүгө ынтызарлыгы, алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп курушуп, келечектүү пландар жөнүндө сүйлөшүштү.

 Жалал-Абад шаарына караштуу Калешов атындагы орто мектепте 500дөн ашуун окуучу билим алышат. Мында окуган окуучулардын тартиби, сабактагы активдүүлүгү кубандырбай койбойт – дейт Конфуций институтунун директору Мавлюда Шакирова.

Мектеп жетекчилигинин айтуусунда, мектепке жылыткыч орнотуу, ремонтоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кытай тили кабинетин жаңылоо, ылайыктуу шарттарды түзүп берүү да каралган.

  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА
  • КОНФУЦИЙДИН КАЛЕШОВ ОКУУ ПУНКТУНДА