AVN







ЖАКТА АЧЫК САБАКТАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАКТА АЧЫК САБАКТАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Jun 7, 2022  536

Жалал-Абад колледжинин методикалык иштери боюнча 2021-2022-окуу жылдын II-жарымына пландаштырылган ачык сабактар жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу ачык сабактарды төмөнкү окутуучулар уюштурушуп, окутуудагы жана окуп үйрөнүүдөгү эффективдүү методдору менен бөлүшүштү.

               Башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили ПЦК сынын окутуучусу Ажикулова Актилек Маматовна-БКМб-3-21тайпасына кыргыз тили предметинен «Орус тилинен келген сөздөр» деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакты өтүүдө тайпаны топторго, жуптарга бөлүп мыкты насаатчылык кылуу методдорун  кесиптештер менен бөлүштү.Студенттер сабакта кыргыз тилине орус тилинен келген сөздөрдүн доорлорго бөлүнүшүн, колдонуу себептерин,которуу жолдорун үйрөнүштү. Сабактын акырында сөздүк жат жазуу жазышып,сабакка кайтарым байланыш жасашты.

       Социалдык иштер жана мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Жумабаева  Дариякан Сапарбаевна- СРк-2-19 тайпасына социалдык педагогиканын негиздери предметинен  “Кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү, жаш балдарга карата зордук-зомбулук” деген темада практикалык ачык сабак уюштурду. Сабакта студенттер  белгилүү бир функцияларды (ролдорду) аткаруу менен кичи топтордо иштешти. Бул стратегия студенттерге бир эле учурда ар түрдүү жолдор менен окугандарын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип, визуализация, жалпылоо, салыштыруу, турмуштук тажрыйба менен окуганын байланыштыруу, сөз байлыгын кеңейтүү сапаттарга ээ болоорун Дарыя Сапарбаевна өз тажрыйбасында көрсөттү.

Экономика ПЦКсынын окутуучусу Калмурзаева Асель Казыбековна   Жумуштардын өздүк курамын документтештирүү деген темада БЭК-3-19 тайпасына лекциялык ачык сабак өтүүдө студенттерди топко, жупка бөлүп иштетип, презентация жасатты. Окутуучу сабакта өзүн өзү баалоону колдонуп, кесиптештерге тажрыйбасы менен бөлүштү.

      Башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили ПЦК сынын окутуучусу Назалова Жанылсын Кылычбековна Фк-2-21, УТк-2-21 жана ДТк-2-21 тайпаларына кыргыз тили сабагынан жыйынтыктоочу таймаш ачык сабак өттү.  Тайпалар кыргыз тили сабагынан  экинчи семестрде өздөштүргөн билимдерине түрдүү тапшырмаларды аткаруу менен кайтарым байланыш жасашты. Кыргыз тилиндеги архаизмдер, неологизмдерди талдашып, алардын маанилерин чечмелешти. Эне тилди  барктоого чакырган макал, табышмактарды ырларды айтуу боюнча таймашышты. Сабак студенттер учун кызыктуу болуп, жыйынтыгында женүүчү топторго окутуучу китептерди белек кылды.

  • ЖАКТА АЧЫК САБАКТАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАКТА АЧЫК САБАКТАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ