AVN







ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ОКУУ ПЛАНДАР БОЮНЧА ТАЛКУУ

ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ОКУУ ПЛАНДАР БОЮНЧА ТАЛКУУ
 Jun 7, 2022  395

Жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартынын (Бишкек, 2021) багыты: 550300 филологиялык билим берүү (квалификациясы: магистр, бакалавр) негизинде жаңыдан түзүлгөн окуу планын талкуулоо жыйынында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы А.Кадырова жаңы стандарттагы өзгөчөлүктөр жана айырмачылыктар боюнча жалпы маалымат берди. Кафедранын ага окутуучусу Р.Келдибаева мамлекеттик стандарттын (2021)негизинде түзүлгөн окуу планына киргизилген базалык, вариативдик жана тандоо курстарына коюлган окуу дисциплиналарына кеңири токтолду.

Талкууга иш берүүчүлөр, эксперттер, окуу жайыбыздын кыргыз тили жана адабияты адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана кафедранын окутуучулары катышты. Иш берүүчүлөр: №2 Саадат Ногоева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Калмаматова Махбуба Маматалиевна, Темирбаев атындагы мектеп-гимназиянын директору  Шамшиева Жыпар Камбаровна, эксперттер: Жолдошбаев Анвар Сатышевич, Турдубаева Аида Мамажунусовна, бүтүрүүчүлөр: Мараимова Нуриса Майрамбековна  менен Мамытова Гулбара эжекелер катышышты.

Жаңыдан киргизилген окуу дисциплиналарынын базалык жана тандоого коюлган предметтердин актуалдуулугу, окуу графиктериндеги практикалардын орду, ж.б. маселелер кызуу талкууга түштү. Талкуунун катышуучуларынын сунуш-пикирлери эске алынды, негизинен, магистр жана бакалавр багыттары боюнча түзүлгөн окуу пландар жактырылды.

  • ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ОКУУ ПЛАНДАР БОЮНЧА ТАЛКУУ
  • ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ОКУУ ПЛАНДАР БОЮНЧА ТАЛКУУ
  • ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ОКУУ ПЛАНДАР БОЮНЧА ТАЛКУУ