AVN







ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ

ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ
 Jun 7, 2022  429

Окуу жайыбызда ѳткѳрүлгѳн IX олимпиадада 1-2-3-орундарды ээлеген студенттерди даярдаган жетекчилерге университеттин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын базасындагы предметтерден жалпы 15 студент олимпиадага катышып, алардын ичинен 6 студент: кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча баштоочу тайпадан МЧББ-1-21 тайпасынын студенти Тохтасинова Шахло 1-орунга (Жетекчиси: окутуучу Жалилова Нуржана Кадыровна), Манас таануу предметинен адистик боюнча КТ-1-21 тайпасынын студенти Карыпбаева Таңсулуу 2-орунга (Жетекчиси: ф.и.к., доцент Кадырова Анара), Манас таануу предметинен адистик боюнча КТ-1-21 тайпасынын студенти Кубатбек кызы Элиза 3-орунга (Жетекчиси: ф.и.к., доцент Кадырова Анара), Манас таануу предметинен адистиктик эмес боюнча ФМББм-1-20 тайпасынын студенти Маратбек кызы Айдана 3-орунга (Жетекчиси: ф.и.к., доцент Кадырова Анара), кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча улантуучу тайпадан ЛАК-1-21 тайпасынын студенти ЭргешоваАйгүл 3-орунга (Жетекчиси: ф.и.д., профессор Мирзахидова Муяссар Инам жановна), кыргыз тили жана адабияты адистиги  боюнча КТ-1-18 тайпасынын студенти Осмонбекова Айкөкүл 3-орунга (Жетекчилери: ф.и.к., доцент Бакирова Гүлжан Кѳккѳзовна жана улук окутуучу Шерипбаев Амангелди Рахманбердиевич) жетишишти.

Университеттеги эң кѳп байгелүү орундарды камсыз кылган кыргыз тили жана адабияты кафедрасына оомат келди, ийгиликке жетишкен бардык студенттерди жана аларды даярдаган жетекчилерин куттуктайбыз – деп билдирди кафедранын илимий иштери боюнча жооптуусу Г.Кѳчѳрова.

  • ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ
  • ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ
  • ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ
  • ОЛИМПИАДАДАГЫ ООМАТ