AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ
 Jun 7, 2022  477

Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун студенти Касым Анарбаев 2-орунду ээлеп, күмүш медалдын ээси болду. Мындай маалыматты окуу жайдын ден соолук борборунун директору Низамидин Абдурахимов кабарлады.

Анын айтымында алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу Ош шаарында өткөрүлүп, К. Анарбаев 70 кг салмакта катышкан. Ал  биринчи беттешинде Жапон балабанын жеңип, андан соң Казак, Өзбек, Түркмөн балбандары менен беттешип жеңип алган. Финалдык беттеште Манголиялык балбан менен күч сынашкан. Мындан сырткары Анарбаев Касымга КРнын спорт чебери деген наам ыйгарылып, күбөлүгү тапшырылды.

        Анарбаев Касым педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин дене тарбия адистигинде 3-курста билим алат. Андан сырткары Жалал-Абад шаарындагы И. Раззаков атындагы спорт мектебиде машыгып келет. Машыктыруучусу Аканов Чыгыз.

ЖАМУнун эмгек жамааты Анарбаев Касымга мындан ары да спорттук ийгиликтерди каалап, алдыдагы Турция мамлекетинде өтө турган көчмөндөр оюндарында да байгелүү орундарды багындыраарына ишенет.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНУ