AVN







МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Jun 6, 2022  446

ЖАМУнун тарыхында дагы бир чон башталыштын башаты болуп отурат. Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы  адистиги боюнча магистрдик иштерди алдын ала коргоого даярдык иштери болуп өттү. Анда аталган багыттагы магистрлердин илимий иштерин талкуу жүрүп, график боюнча боло турган илимий ишти коргоого карата суроо-жооптор берилди. Алдын ала иштин илимийлүүлүк мазмунуна айрым тактоолор, сунуштар киргизилди.

Бул иш чараны БББТМ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева ачып, илимий жетекчилер: п.и.к., БББТМ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов,  БББТМ кафедрасынын доценти, п.и.к. Р.С. Нусупова, ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова, п.и.к., доцент Г.У. Рыскуловалар сөз сүйлөштү. Алар сөзүндө бул темалар учурда актуалдуу маселелерди камтыган илимий иштер экендигин баса белгилеп кетишти.

Магистрлер: Абдыразакова Апал, Абдыразакова Үпөл, Абдимажитова Айтурган, Атаханова Гулбахар, Эралиева Малохат  баары өз иштерин аяктап, эксперименталдык бөлүмдүн айрым жыйынтыктоочу этаптары калганын, аларды кыска убакыттын аралыгында толук бүтүрө тургандыктарын белгилеп кетишти.

  • МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • МАГИСТРЛЕРДИН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ