AVN







ТАМАШОУНУН 2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

ТАМАШОУНУН  2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
 Mar 3, 2018  878

Ак калпак күнүнө карата ЖАМУнун факультет, колледждеринин арасында 2-мартта “Тамашоунун” 2-сезонунун ачылышы болду. Ал окуу жайдын чоң жыйындар залында болгонун Жаштар комиетинен кабарлашты.

     Комитеттин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында оюнга жалпы 5 команда катышкан. Алар филология факультетинен “New star” командасы, медицина колледжинен “Медлайн” командасы, медицина факультетинен “Мамашоу” командасы, педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинин “Динамик” командасы  жана Илим ордо жатаканасынын “Ордо  kg” командасы конок катары келип, оюн көргөзүштү.

    Тамашоунун жыйынтыгында мыктылардын мыктысы тандалып, номинациялар ыйгарылды.  Филология факультетинен “New star” командасы “Мыкты команда” номинациясы менен ал эми “Медлайн” командасынын оюнчусу жамийла Айтикеева “Мыкты капитан” номинациясы менен сыйланды. Ошондой эле “Динамик” командасынын оюнчусу Мырзабек Нажимидинов “Мыкты оюнчу” сыйлыгына ээ болсо, конок катары келген “Ордо  kg” командасы мыкты көргөзгөн тамашалары менен “Мыкты тамаша” номинациясына ээ болушкан.

  • ТАМАШОУНУН  2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
  • ТАМАШОУНУН  2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
  • ТАМАШОУНУН  2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
  • ТАМАШОУНУН  2 – СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ