AVN







КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ

КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
 Jun 6, 2022  390

 Дүйнөлүк 21-ирет өткөрүлүп жаткан кытай тили боюнча “Кытай көпүрөсү” аттуу кароо сынагына ЖАМУнун студенттери катышып, ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Конфуцийдин директору Мавлюда Шакирова кабарлады.

“Кытай көпүрөсү”  аттуу кароо сынагына  18-30 жашка чейинкилер катыша алат, Кыргызстанда чонойгон, эне тили кытай тили эмес, кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган каалоочулар катыша алат. Аталган сынакка катышып, биринчи орунда ээлегендер  Кытайга барышат. Ал эми  финалга катышкан студенттер экинчи жолу бул сынакка  катыша албайт – дейт М. Шакирова.

Анын айтымында  Кыргызстандагы бүткүл республикалык турунда интернет баракчасында эң көп жактырылгандыгы үчүн «Интернет жылдызы» номинациясы боюнча ЖАМУнун Эл аралык укук (кытай таануу) адистигинин студенти Алтымышова Адина 1-орунду, кыргыз тили адистигинин студенти Мырза кызы Батма 2-орунду ээлешкен. Конфуций институтунда кытай тили менен биргеликте кытай маданияты кошо үйрөтүлөт. Дүйнөлүк, республикалык, университеттик кароо-сынактарга студенттерди даярдап катыштыруу системалуу түрдө уюштурулуп келе жатат. Конфуций институтунун ийгилиги көп болсун, чек болбосун!

  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ
  • КОНФУЦИЙДИН ИЙГИЛИГИ