AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫЛДЫ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА  ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫЛДЫ
 Jun 6, 2022  450

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу программасынын алкагында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент А.Кадырова жана окутуучу Н.ЖалиловаларЖалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде тажрыйба алмашышты.

Университеттин сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Абдыкалыкова Жибек тосуп алып, эл аралык мамилелер жана  теориялык сабактар кафедрасына жиберди, иш планга ылайык кафедрадагы бардык иш кагаздары менен жакындан тааныштырды.

  Кафедранын башчысы, ф.и.к., доцент Хурибаева Элмира Гайдаровна кафедрагы профессордук-окутуучулук жамаат,  кафедрага тиешелүү иш кагаздар, жумушчу программалар, окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор ж.б. иш кагаздары менен тааныштырды.

Ф.и.к., доцент А.Кадырова тарабынан “Материалдык эмес маданий мурастар” деген темада конок лекция, ал эми окутуучу Н.Жалилова тарабынан «Улуттук баалуулуктар» деген аталышта сабак-викторина уюштурулуп, ага студенттер, кафедра башчысы, окутуучулар катышып, анализ беришти.

Соңунда окуу жай тарабынан сертификаттар ыйгарылып, ыраазычылык каттары тапшырылды.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА  ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫЛДЫ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА  ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫЛДЫ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА  ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫЛДЫ