AVN







ТУУРА ТАНДАЛГАН КЕСИП - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК

ТУУРА ТАНДАЛГАН КЕСИП - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
 Jun 6, 2022  404

Көк-Жангак шаарындагы №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын, № 3 Т.Сатылганов, №4 Ю.А.Гагарин жана №6  М. В. Ломоносов атындагы  жалпы орто билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен  2022-2023-окуу жылына карата 550300 филологиялык билим берүү багытынын (кыргыз тили жана адабияты) профили боюнча кесипке багыт берүү максатында жолугушуу болду. Жолугушуу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын  улук окутуучулары Шерипбаев Амангелди, Келдибаева Роза жана окутуучу Маматова Гулкан тарабынан уюштурулган.

Жолугушууда окуу жай, филология факультетинде даярдалган адистиктер, анын ичинде кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча  кеңири маалыматтар айтылып, кабыл алуу эрежелери түшүндүрүлдү жана таркатма буклеттер, баракчалар таратылды. Бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген суроолорго  жооптор алынды. Жыйынтыгында, бүтүрүүчүлөр Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшыруу ниетин билдиришип, окуу жайга болгон кызыгуулары жаралгандыгын айтышты.

  • ТУУРА ТАНДАЛГАН КЕСИП - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
  • ТУУРА ТАНДАЛГАН КЕСИП - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК