Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Жалилова Нуржана Кадыровна тарабынан 1-июнь күнү ПМТФнын ИЭТ-1-21 (информатиканы эсептөө техникасы адистиги) тайпасына жыйынтыктоочу семинар-сабак өтүлдү. Сабакка кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуу А.Р.Шерипбаев, БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М.Ажыкулов, ага окутуучу Б.Раевалар катышышып, соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти жана сабак «эӊ жакшы» деп бааланды.
Артыкчылык катары үйгө берилген тапшырманы аткарууда тайпанын студенттеринин окуу жылы ичинде сабактан алган таасирлерин, жетишкендиктерин жана ийгиликтерин презентациялашып, жазуу иштеринде жана эл алдында чыгып сүйлөөдө өз оюн эркин, ырааттуу айта алышкандыгын белгилесек болот–деп билдирди кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуусу А.Р.Шерипбаев.