AVN







АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ

АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
 Jun 2, 2022  417

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы “Англис тилин үйрөтүү стратегиялары" жөнүндө тренинг өткөрдү.  Мындай маалыматты эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Акылай Усенова билдирди.

  Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон  тренингди Жалал-Абад шаарынын англис тил мугалимдерине жана ЖАМУнун студенттерине 1-июнь күнү  “Англис тилин үйрөтүү стратегиялары" жөнүндө тренинг өткөрдү. Тренинг ЖАМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду. Лили Соренсон англис тилин үйрөтүүдө колдонулган эффективдүү сүйлөө, угуу, жазуу жана окуу стратегиялары менен бөлүшүп кетти. Ошондой эле тренингтин катышуучулары өздөрү окуу процессинде колдонгон ыкмаларын бири-бири менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышты.

  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
  • АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ