AVN







МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ЖАМУДА

МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
 May 31, 2022  440

Америка Кошмо Штатындагы Миссури университетинин өкүлдөрү  Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушушту. Жолугушуу ЖАМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Жогорудагы аты аталган университеттин делегациясынын курамында: профессор, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Стегмайер, интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон, университеттин бүтүрүүчүлөрү жана студенттери.

Жолугушууда т.и.к., тарых кафдерасынын доценти Анарбаева Г.А. чет элдик меймандарга  Кыргызстандын, Жалал-Абад шаарынын жана ЖАМУнун тарыхы жөнүндө лекция окуп берди. Ошондой эле жолугушууда ЖАМУнун студенттери үчүн Миссури университетиндеги окуулар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кенен маалымат берилди. Ошондой эле окуу жай бул университет буга чейин эле кызматташып келген.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси А. Усенованын айтымында  – биздин студенттерге жолугушуу жакты жана кызыгуулары пайда болуп аталган окуу жайда билим алууну каалашарын билдиришти”. 

Андан сырткары Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон англис тил мугалимдерине 1- июнь күнү саат 9:30да "Англис тилин үйрөтүү стратегиялары жана ыкмалары" жөнүндө айтып берет.  Иш чара башкы корпустун кичи жыйындар залында болот – дейт А. Усенова.

  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА
  • МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  ЖАМУДА