AVN







КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
 May 31, 2022  405

Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы Мичурин атындагы орто мектебинде 20 мектептин окутуучуларынын катышуусу менен кесипке багыт берүүчү иш-чарасы болду.

       Иш-чарага университеттин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, т.и.к., доцент С. Куваков, табигый-техникалык факультеттин деканы Ж.Шамиев, филология факультетинин деканы, ф.и.к., доцент А.Калмурзаева баш болгон окутуучулар жана студенттер келип, окуу жай жана кесиптер жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүштү. Сузак районунун  Багыш, Кара-Алма, Көгарт, Курманбек айыл аймактарынан  бүтүрүүчү класстын окуучулары, окутуучулары, мектеп жетекчилери катышышканын билдирди кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев..

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, т.и.к., доцент С. Куваков, филология факультетинин деканы А.Калмурзаева, табигый-техникалык факультеттин деканы Ж.Шамиев ж.б. сөз сүйлөшүп, ЖАМУнун жетишкендиктери жана артыкчылыктары боюнча айтып өтүштү.  Андан кийин кыргыз тили жана адабияты, немис тили, орус тили жана адабияты  адистигинин студенттери абитуриенттерге ар кимиси өздөрүнүн тандап алган кесибинин артыкчылыктуу жактарын түшүндүрүп, бардыгы бир ооздон бүтүрүүчүлөрдү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетин тандап алууга чакырышты. Иш-чараны ЖАКтын жамааты  чыгармачылык менен уюштуруп, аягында спорттук оюндар ойнолуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

  • КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ