AVN







ЖАМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ “УЛУТМАН” КӨРСӨТҮҮСҮНДӨ

ЖАМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ “УЛУТМАН” КӨРСӨТҮҮСҮНДӨ
 May 30, 2022  625

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандык руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана ден-тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгына ылайык КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көчмө станциясы (ПТС) менен Ош шаарында   тартылып жаткан “Улутман” телекөрсөтүүсүнө тартылуу үчүн,КРнын Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сунуш катынын негизинде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор-окутуучуларыт.и.д.,профессор Аширалиев Абдиумаматкадыр Аширалиевич, ф.и.к.,доцентОморов Айтмамат Оморович, ф.и.д., профессорЭшиев Асылбек Мирзатилаевич, т.и.к., доцентАвазов Эрнис Абдыманапович жана окутуучу Алиев Медет Кочкорбаевичтер барып катышып келишти.

  “Улутман” телекөрсөтүүсүнүн бул чыгарылыштагы темасы “Жер суу аттары” боюнча болду жана обулус аймагындагы жер-суу аттары, алардын мааниси, чечмелениши, сакталуусу жөнүндө кенен баарлашуу болду. Университеттен барган агайларыбыз бул темада тастыкталган маалыматтарга жана илимий көз карашта өздөрүнүн илимий эмгектерине таянуу менен маанилүү жана мазмундуу маек куруп беришти.  Баарыбызга маалым болгондой Кыргыздардын жер суу аттарында терең философиялык маани-мазмундар жатат.

Жогорудагыдай иш-чараларга катышып өлкөбүздүн, областыбыздын өнүгүүсүнө чоң салымыбызды кошуу менен, университетибиз илимдин, билимдин, маданияттын жана интеллектуалдык өнүгүүнүн ордосу экендигин дагы бир ирет далилдедик деп ишенебиз. 

  • ЖАМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ “УЛУТМАН” КӨРСӨТҮҮСҮНДӨ
  • ЖАМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ “УЛУТМАН” КӨРСӨТҮҮСҮНДӨ
  • ЖАМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ “УЛУТМАН” КӨРСӨТҮҮСҮНДӨ