AVN







ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН

ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
 May 30, 2022  393

Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу У.Омурзакова Кт-1-20 тайпасы менен Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата “Өмүрү өрнөк инсан” аттуу ачык тарбиялык саат өттү. Аталган тарбиялык саатта окутуучу Кыргыз Эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун өмүр жолу жана чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү тууралуу кеңири айтып берди. Тайпанын студенттери жазуучунун ырларынан көркөм окуп, анын чыгамаларындагы өздөрү жакшы көргөн каармандары жөнүндө айтып беришти.

Өмүрү өрнөктүү инсандарды кийинки муунга айтып, алардын артында калган эмгектери менен таанышиырып туруу жаштарга шык берет. Ата-бабаларыбыз ак эмгектери менен артында из калтырып кеткенин кийинки муун сыймыктануу менен эстеп жүрүштөрү керек” – дейт У. Омурзакова.

  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН