AVN

“ЖАЛПЫБЫЗ БИРИКСЕК КҮЧТҮҮ БИЛЕК, ЖАМУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БИЗДИН ТИЛЕК”

“ЖАЛПЫБЫЗ БИРИКСЕК КҮЧТҮҮ БИЛЕК, ЖАМУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БИЗДИН ТИЛЕК”
 May 30, 2022  420

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды  “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук  жылы”, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарыяланган жарлыктарынын жана  Жалал-Абад билим берүү башатынын ЖАМУга карай 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында университеттин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында өтүүчү“Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну өнүктүрүү биздин тилек”аттуу иш-чарасынын жобосу жана иш мерчеми университеттин бардык факультеттерине жана колледждерине таратылып берилди.

Иш-чаранын максаты, өз мекенин, элин, жерин, табиятын сүйүү ар бир жарандын изги тилеги, максаты жана  милдеттери. Аны аткаруу, мекенчил болуу үчүн  жогорку руханий, адеп-ахлактык жана инсандык сапаттарга эгедер болуу,  элибиздин руханий баалуулуктарын, маданиятын, нарк-насилдерин даңазалоо,  өнүктүрүү, жайылтуу ар бир инсандын милдети. Ошону менен катар эле “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында университеттин жетишкендиктерин даңазалоо.

Иш-чаранын шарттары, университеттин факультеттери жана  колледждеринин  профессордук-окутуучулук курамынан жана кызматкерлеринен түзүлгөн топтор  көрсөтүлгөн мөөнөттө жана  жобого  ылайык  төмөндөгүдөй шарттарды эске алуу менен (жамаат программанын  иретин өзү  каалагандай  түзсө  болот) өз өнөрлөрүн  тартуулашат:

  1. Саламдашуу (акындык  өнөр, салттуу ырлар, жөн гана  алып баруучулук, ж.б.);
  2. “Манасым менен улуумун!” (“Манас” эпосунан же кенже  эпостордон үзүндү айтуу.   5-8 мүнөттөн ашпоосу керек);
  3. “Айтматов ааламы” (Ч.Айтматовдун  чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүш.  5-10 мүнөттөн ашпоосу керек);
  4. “Улуу тоонун урпактары” (Улуттук музыкалык аспаптарда ойноо, жекече же коллектив менен. Номерлердин саны чектелбейт);
  5. “Чимириле бийлеймин” (Улуттук, дүйнөлүк, заманбап стилдеги

бийлерден бийлөө жеке же коллектив менен бийлөө. Бир номер);

  1. “Обологон обондор” (Жандуу үн менен, жекече жана коллектив  менен обондуу ырларды  ырдоо. Номерлердин саны чектелбейт);
  2. “ЖАМУга кошкон салымым” (Ар бир тармак жетишкендиктерин даңазалайт: видеоролик, сахналык көрүнүш, көргөзмө, ж.б. аркылуу).

Бул иш-чара ПМТФ, ТТФ, Кочкор-Ата  жана Аксы колледждеринде болуп өттү. Жободо көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу менен иш-чаранын көркүн ачкан жогорудагы факультет жана колледждер сыкты өнөрлөрүн тартуулашып келүүдө. Өзгөчө “Манас” эпосунан же кенже  эпостордон үзүндү айтуу,Ч.Айтматовдун  чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулоо, улуттук музыкалык аспаптарда ойноо,жандуу үн менен жекече жана коллектив  менен обондуу ырларды  ырдоо,“ЖАМУга кошкон салымым” пунктуна ылайык видеоролик, макеттер, жетишкендиктердин көргөзмөлөрү жакшы деңгээлде аткарылып жатат.

Эскертип кетсек, иш-чаранын иш мерчеми 2022-жылдын декабрь айынын аягында соңуна чыгат жана гала-концерт менен жыйынтыкталат. Иш-чаранын аюн-зоок программасына катышуу үчүн жаш курактары, улуту, катышуучулардын  саны  чектелбейт жана өткөрүүгө жамааттардын активдүү катышкандыгы, теманын мазмунун программага  ылайык терең  ачкандыгы эске алынып жана мыкты аткарылган чыгармалар (номерлер) тандалып алынып, иш-чаранын аягындагы гала-концертке катышууга жолдомо алуу менен сыйлыктарга көрсөтүлөт - деп маалымат берди университеттин МТСИ боюнча проректору Айгул Доранова.

  • “ЖАЛПЫБЫЗ БИРИКСЕК КҮЧТҮҮ БИЛЕК, ЖАМУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БИЗДИН ТИЛЕК”