AVN







ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ

ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
 Mar 3, 2018  989

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата флешмоб болуп өттү. Ага окуу жайдын кызматкерлери жана активдүү студенттер катышышты.

      ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранованын айтымында флешмобдун максаты, мамлекеттин символдорун барктап, даңазалоо.  Туу куласа мамлекет кулаганды билдирет. Андыктан Эркиндик, тынчтык,  бакубат жашообуз уланып, элибиз өнүккөн өлкө болсун деген тилекте бүгүнкү иш-чара уюштурулду – деп билдирди проректор.

     Ал кошумчалагандай окуу жайдын эсебинен 100дөн ашуун ак калпак, 100 гө жакын желек сатылып алынып, бүгүнкү флешмобдун катышуучуларына ыйгарылды. Алар атайын ушул күнгө арналып алынган.  

  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ
  • ТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЛЕШМОБ БОЛДУ