AVN







МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ

МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ
 May 27, 2022  486

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин

филология факультетинин  кыргыз тили жана адабияты кафедрасында факультеттин денгээлинде Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Мен миң жыл жашадым” аттуу адабий иш-чара  өткөрүлдү.

Адабий иш-чараны кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова ачты жана Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча маанилүү сөз сүйлөп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө ф.и.к., доценттер А.Оморов   “Т.Сыдыкбековдун чыгармаларында образ түзүүдөгү юморчулук”, Д.М Чокоева “Т.Сыдыкбековдун көркөм чыгармаларындагы кыргызчылык  психологиясынын ачылышы”, улук окутуучу А. Шерипбаев “Т.Сыдыкбековдун чыгармаларынын кыргыз адабиятындагы мааниси”, 4-курстун студенти Шербаева Дарыйка “Т.Сыдыкбековдун “Акылман куудул” повестиндеги Куйручуктун образы” деген темада баяндамаларды жасашты. Андан сырткары 1-2-3-курстун студенттеринин ортосунда адабий таймаш болуп, жеңүүчүлөр 1-2-3- даражадагы дипломдор жана КТ-1-18 тайпасы тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланды.Ушул эле тайпа бүтүрүүчү курс катары “Мен миң жыл жашадым” аттуу Т.Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачылыгын камтыгын абдан мазмундуу жана көлөмдүү дубал гезит чыгарды. Адабий иш-чара абдан кызыктуу жана натыйжалуу болду. Адабий иш-чара кафедранын улук окутуучусу А.Шерипбаевдин жетекчилиги өткөрүлдү, -деп билдирди окутуучу А.Адыкулова.

  • МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ
  • МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ
  • МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ
  • МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ
  • МЕН МИҢ ЖЫЛ ЖАШАДЫМ