ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН КРНЫН АЙМАГЫНДА БОЛУУ ТАРТИБИ
May 26, 2022 447
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет өлкөлүк профессордук-окутуучулук курамы жана чет өлкөлүк студенттери 24-25-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын, жарандык абалдын актыларын жазуу, паспортоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушушту. Жолугушуу ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган.
Иш-чара студенттер шаарчасында болуп, тиешелүү адистерге студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип жеринде жоопторун алышты.
ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери Акылай Усенованын айтымында жыйында "чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби", "Кыргыз Республикасынын визасы" боюнча түшүндүрмөлөр берилген.