Конфуций институтунун «Нур Билимдеги» окуу пунктунда отчеттук иш-чара болуп өттү. Бул окуу мекемесинде 200гө жакын окуучу кытай тилин үйрөнүп жатышат. Аларга жергиликтүү кытай тили мугалими Сюта Жумаева сабак берет.
Иш-чарага катышкан Конфуций институтунун жетекчилиги, мугалимдер, ата-энелер балдардын кытайча сүйлөп, кытайча ырдап, кытай бийлерин бийлешкендерине күбө болушту. Окуучулардын аз убакыттын ичиндеги тил үйрөнүүгө болгон аракеттери, ынтызарлыгы көпчүлүктү кубандырды. Институттун директору М.Шакирова өз сөзүндө бүгүнкү күндө тил үйрөнүүгө өзгөчө суроо-талаптар, ага жараша өзгөчө шарттар түзүлүп жаткандыгын, кытай тилин үйрөнүп-билүү менен кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга боло тургандыгын айтып өттү. «Нур Билимдин» бүтүрүүчүлөрүн ЖАМУдагы кытай таануу, кытай тили (котормочу) адистиктеринде кытай тили боюнча терең билим алууга чакырды.